Адылбек Касымалиев маморгандардын өзгөчөлөнгөн кызматкерлерине Ардак грамота тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдардын өздөрүнүн кесиптик чөйрөсүндө өзгөчөлөнгөн кызматкерлерине Ардак грамота, алкыштарды тапшырды.

 

Минкаб төрагасы катышуучуларды сыйлыктары менен куттуктап, алардын өлкөнү өнүктүрүүгө кошкон салымын белгиледи.

 

“Адал жана чыныгы эмгек кадыр-баркка жана урматтоого татыктуу. Сиздерди татыктуу сыйлыктарыңыз менен чын дилимден куттуктайм. Бул сыйлыкка ээ болуу мекендин жыргалчылыгы үчүн көп жылдык эмгегиңиздердин натыйжасы. Быйыл Кара-Кыргыз автономдуу облусунун 100 жылдыгын белгиледик. Муну менен катар бир катар мамлекеттик органдар да жүз жылдык мааракелерин белгилешти. Бүгүнкү сыйлык тапшыруу аземинде Кыргыз милициясынын, Экономика министрлигинин, Прокуратуранын 100 жылдыгынын, ошондой эле Улуттук китепкананын жана Энергетика министрлигинин 90 жылдыгына карата мугалимдер, дарыгерлер, милиция кызматкерлери, энергетиктер жана башка адистер сыйланышты. Бул сыйлык сиздер үчүн мындан аркы ийгиликтерге жана жооптуу ишмердүүлүгүңүздөрдүн мыкты натыйжаларына чоң дем-күч болот деп ишенем”, – деди ал.

 

Адылбек Касымалиев сыйлык ээлерин келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, аларга бакыт-таалай, бекем ден соолук жана бакубат жашоо каалады.

 

“Келе жаткан 2025-жыл чоң ийгиликтердин жылы болсун. Өлкөбүздө гүлдөп-өнүгүү жана жыргал жашоо болсун”, – деп сөзүн жыйынтыктады ал.

 

Министрлер кабинетинин Ардак грамотасы, министрлер кабинетинин төрагасынын атынан алкыш менен 114 адам сыйланды.

Связанный пост