Президент: “Сөз эркиндиги жок деген сайттардын өздөрүнүн сөз эркиндиги жок”
Мамлекет башчысы оппозициялык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берүүнү сунуштаган делегаттын суроосуна жооп берди.
“Массалык маалымат каражаттарын чакырышты, бирок алар келишкен жок. Баш тартышты десек да болот. Сөз эркиндиги жок деген сайттардын өздөрүнүн сөз эркиндиги жок, анткени толугу менен тышкы кожоюндарына баш ийишет”, – деп Садыр Жапаров белгиледи
Президент ошондой эле чет өлкөлөрдөн НПОлорго, ММКларга келген каражаттар боюнча маалыматтар менен бөлүшө кетти:
“Кактус.Медиа” маалымат агенттиги 2021-жылы 35 000 АКШ долларын “Сорос” фондунан алган. 2022-жылы 23 185 АКШ долларын “Интерньюстан” жана 22 250 АКШ долларын “Сорос” фондунан алган. “Клооп Медиа” 2021-жылы Демократияны колдоо фондунан 585 500 АКШ долларын алган. Ал эми 2022-жылы 25 250 АКШ долларын АКШнын элчилигинен, 9 305 АКШ долларын “Сорос” фондунан, 23 185 АКШ долларын “Интерньюстан” жана 8 миллион сом ыктыярдуу кайрымдуулук түрүндө алышкан.
“Азаттык” 2023-жылы 2 270 000 АКШ долларын Демократияны колдоо фондунан, 2024-жылы болсо – 2 297 000 АКШ доллар алган.
“Говори ТВ” 2021-жылы 34 000 АКШ долларын жана 83 627 еврону Демократия үчүн Европа фондунан алган. “Политклиника” маалымат агенттиги 2020-жылы 41 800 АКШ долларын алган. 2021-жылы – 54 000 АКШ долларын алган.
“Кылым Шамы” уюму 2018-жылы 8 586 844 сом алган.
“Бул акчалардын эсеби, отчету шарттуу түрдө эле жазылат экен. Алардын тышкы спонсорлору болсо “Ооба, жакшы иштеп жатышат” деп калышат.
Бул жактан кылган иштери болсо жалаң жалган маалыматты таратмай, жамандык издемей, бирөөнүн аброюна далилсиз шек келтирмей. Анан алар сотко берсе, сөз эркиндигине кысым болуп жатат деп кыйкырып чыгышат”, – деп Президент баса белгиледи.
Мамлекет башчысы АКШнын Мамлекеттик департаментинин жетекчилигине кайрылды: “Эгер акча каражаттарды кайда жумшай турганыңарды билбей жатсаңыздар, бизге, мамлекетке түз эле берсеңиздер. Биз дарегине жеткирип, эффективдүү колдонушун камсыз кылабыз. Журналистиканы жогорку деңгээлге көтөрүш керек болсо – көтөрөбүз. Сөз эркиндигин толук камсыздоо керек болсо, толук камсыз кылганга кепилдик беребиз”.692edited 19:18