Садыр Жапаров: “КСДПны колдоо жана Кыргызстанда адам укуктарын коргоо боюнча резолюция кабыл алган Европарламенттин депутаттарына кайрылып кетким келип жатат”
“КСДПны колдоо жана Кыргызстанда адам укуктарын коргоо боюнча резолюция кабыл алган Европарламенттин депутаттарына кайрылып кетким келип жатат. Мен сиздерге берчү жоопту өзүңүздөрдүн эле кесиптешиңер, Франциянын депутаты Тьерри Мариани берип койду. Ал кесиптештерин бир тараптуу пикирлерди таратпоого, фактыларга таянууга чакырды”, – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-декабрда, үчүнчү Элдик Курултайдын жүрүшүндө делегаттын суроолоруна жооп берип жатып, билдирди.
Мамлекет башчысы КСДП партиясы жергиликтүү шайлоолордо 1,5 млн сомдон ашуун каражатты добуш сатып алуу үчүн элге таратканын белгиледи. Бишкек шаары боюнча 69 агитатор жалданып, анын ичинен 44ү расмий каттоодон өткөн эмес. Ал делегаттарга бийлик буга көз жумуп, мыйзам бузгандарды башынан сылашы керекпи, деп суроо узатты.
Президент алдыда маанилүү окуялар – парламенттик жана президенттик шайлоолор турганын белгиледи. Ал мамлекет тарабынан таза жана ачык-айкын шайлоо өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн, шайлоо процессин ачык-айкын өткөрүүгө 2 миллиард сом жумшалганын айтып берди.
Мамлекет башчысы ойлонуп, тандоо жасоо маселеси жарандардын колунда экенин кошумчалап, келечекте үйдөн отуруп алып, түз эле добуш берүү жеткиликтүү болоруна ишеним билдирди.
Садыр Жапаров шайлоо жана өлкөнүн ички иштерине байланышкан маселелер Кыргыз Республикасынын эгемендүү укугу экенин белгиледи. Мамлекет улуттук мыйзамдардын, жарандардын кызыкчылыктарынын жана демократиянын принциптеринин негизинде өз алдынча чечимдерди кабыл алат. Ал сырттан кийлигишүү жана бир тараптуу көз караштарды таңуулоо аракеттерине жол берилбей турганын жана бул эл аралык укукка туура келбээрин баса белгиледи.
Мындан башка Президент Садыр Жапаров Кыргызстан дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен тең укуктуулук жана өз ара кызыкчылыктын негизинде кызматташууга даяр экенин айтты.