Ош облусунда жер титиреди
Бүгүн, 19-декабрда саат 20:52де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жердин силкинүүсү Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.