Баткенде быйыл 48,5 чакырым жол асфальтталып, 9,5 чакырым жаңы жол салынды

Баткен облусунда быйыл 48,5 чакырым жол асфальтталып, 9,5 чакырым жаңы жол салынды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, облуста республикалык бюджеттин эсебинен 2024-жылдын 11 айында унаа жолдорду курууда 559,4 млн сомдук жумуш аткарылды. Анын ичинен 48,5 чакырым жолго асфальт-бетон катмары төшөлдү, 9,5 чакырым жаңы шагыл жол курулду.

 

Учурда жаңы жолдорду салуу иштери уланууда. Айгүл-Таш-Согмент-Таян жолунун 3-8-чакырым аралыгында жолду сайдан чыгаруу жумуштары аткарылып жатат.

 

Сох-Кан-Зардалы жолунун 12-чакырымынын Кыштут участкасында узундугу 9 метр болгон көпүрө курулуп бүткөрүлдү. Ал эми Сары-Талаа-Кызыл-Таш участкасында 11 чакырым аралыкта бир тараптуу унаа жүрүүчү жол жардыруу ыкмасы менен кенейтилүүдө. Ошондой эле Кызыл-Таш-Зардалы участкасында жардыруу ыкмасы менен жаңы жол салынууда.

Связанный пост