Кыргызстанда күзгү эгин себилүүдө
Баткен, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Талас жана Ысык-Көл облустарында күзгү буудай менен арпа себүү иштери жүргүзүлүүдө.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен маалымдашкандай, күздүк буудайды жалпы 190 миң гектар аянтка себүү пландалган. Учурда 141,7 миң гектарда иштер аяктады.
Облустар боюнча бөлүп карай турган болсок:
- Чүй облусунда – 86,2 миң га;
- Ысык-Көл облусунда – 10,2 миң га;
- Жалал-Абад облусунда – 14,1 миң га;
- Баткен облусунда – 6,1 миң га;
- Талас облусунда – 7,1 миң га;
- Ош облусунда – 18,0 миң га.
Министрик бул көрсөткүчтөр өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,4 миң гектарга көп экендигин, өзгөчө жогорку темп Ош жана Чүй облустарында байкалып жатканын белгиледи.
Ал эми күздүк арпа пландаштырылган 11,4 миң гектардын 9 миң гектары айдалып бүттү.
Ошондой эле бүгүнкү күндө кант кызылчасын жыйноо иштери аяктап калды. Орточо түшүмдүүлүк гектарынан 660,5 центнерди түзүп, бул былтыркыга караганда 187,6 центнерге жогору.