Бакыт Төрөбаев менен Анатолий Сивак темир жол тармагында эки тараптуу кызматташуу маселелерин сүйлөштү
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча кыргыз-беларусь биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагалары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев менен Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары Анатолий Сивак комиссиянын XII жыйынынын официалдуу өкүлдөрү менен биргеликте “Кыргыз темир жолу” улуттук компания” мамлекеттик ишканасына барды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар темир жол тармагындагы кыргыз-беларусь кызматташтыгынын актуалдуу маселелери тууралуу кенен сүйлөшүү жүргүздү.
Анда МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөнүн темир жол тармагына өзгөчө көңүл буруп, анын алкагында “Кыргыз темир жолу” ишканасынын техникалык паркы жаңыланып, “Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал” темир жол долбоору ишке ашып жатканын, ошондой эле “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу” эл аралык ири долбоорун ишке ашыруу процессинин жүрүшүнө токтолуп, темир жол тармагында тажрыйбасы мол Беларусь Республикасын кызматташууга чакырды.
Өз кезегинде Беларустун Премьер-министринин орун басары Анатолий Сивак темир жол тармагында кызматташууну бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы менен Беларусь темир жолу ортосундагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын карап чыгууга даяр экендигин билдирди.
Жолугушуудан кийин тараптар “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын вагондорду оңдоо заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты.