Ошто мыйзамсыз берилип кеткен 16,3млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаарынын жана Ош аймактар аралык башкармалыгынын доо-арызын Ош шаардык соту канааттандырды. Ага ылайык, 16 миллион 335 миң сомго бааланган жерди мамлекетке кайтаруу чечими 2024-жылдын 22-ноябрында чыкты.
Тактап айтканда, жеке менчикке өтүп кеткен Курманжан-Датка көчөсүндөгү шаардык оорукананын аймагында жайгашкан мурдагы терапиялык бөлүмдүн имаратын жана алдындагы 726 чарчы метр жер тилкеси Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кайтарылды.