Садыр Жапаров жана Австриянын Федералдык Канцлери Карл Нехаммер Венада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-ноябрда, Австрияга болгон расмий сапарынын алкагында Австрия Республикасынын Федералдык Канцлери Карл Нехаммер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

 

Сүйлөшүүлөрдүн алдында Мамлекет башчысы Ардактуу коноктордун китебине Австрия элине жакшы каалоо-тилектерин билдирип, эстеликке жазуу калтырды.

 

Тараптар соода-экономикалык, инвестициялык өз ара аракеттенүү жана энергетика жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашып, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Федералдык Канцлер демократия, адам укуктарын урматтоо жана укук үстөмдүгү принциптерине негизделген эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого умтуларын ырастады.

 

Садыр Жапаров өз кезегинде Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары да кеңейтүү зарылдыгын айтып, түзүлгөн өнөктөштүк биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатканын белгиледи.

 

Президент Садыр Жапаров Австрия тарапка кызматташтыгы үчүн ыраазычылык айтып, Кыргызстан бардык багыттар боюнча ийгиликтүү өз ара аракеттенүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн үстүндө иштөөнү улантууга ниеттенип жатканын баса белгиледи.

Связанный пост