Баткен облусунун калкы 70% көмүр менен камсыздалды

Баткен облусунун калкы 70% көмүр менен камсыздалды. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Облус боюнча көмүргө болгон ички керектөө 120-130 миң тоннаны түзөт. Анын ичинен калктын көмүр отунга керектөөсү 97,5 мин тонна.
2024-жылдын 21-ноябрына карата облус калкына 68,5 миң тонна көмүр ташылып, көмүр менен камсыз болуусу 70% түздү.
Облус боюнча социалдык категориядагы жана колдоого муктаж 1145 үй-бүлөгө акысыз 553 тонна көмүр жеткирилип берилди.
Мындан сырткары айыл өкмөттөр, көмүр шахтылары менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп (ортомчусуз) 2340 тонна көмүр аймактарга жеткирилип, кенчилер менен макулдашылган баада, базар баасынан арзан сатылды.
Ошондой эле 2024-жылдын 7-ноябрдан тартып Баткен облусунун аймактарында “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы тарабынан арзандатылган баада көмүр ташып баштаган. Бүгүнкү күнгө карата 320 тонна көмүр 6000 сомдон элге сатылууда жана бул иш аракеттер сезон ичинде уланат.
Бүгүнкү күндө облустун аймагында 69 стационардык көмүр сатуучу түйүнү иштеп жатат. Сатуу пункттарындагы көмүрдүн болжолдуу запасы 1215 тоннаны түзөт.
Сүлүктү көмүр өндүрүүчү ишканалары тарабынан жеринде 5,0-5,8 миң сомдон сатылган БР маркасындагы көмүр, Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунун аймактарында жана Кызыл-Кыя шаарында сапатына жараша 7,5сомдон -9,0 сомго чейинки баада сатылууга тийиш. Бул баалар монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмү тарабынан бекитилген.
Ал эми социалдык обьектилердин кышка карата даярдыгы боюнча;
Баткен облусунун билим берүү тармагына 15,4 миң тонна көмүр керектелет. Бүгүнкү күндө мектеп, бала бакчалардын кампаларына 12,4 миң тонна (80 %) көмүр келип түштү.
Саламаттыкты сактоо тармагында 2,4 мин тонна көмүр керектелет. Учурда көмүрдүн 83%ы ташылды.
“Кызыл-Кыя жылуулук” муниципалдык ишканасынын 3 отканасы толук оңдоодон өткөрүлүп, шаарга жылуулук берилүүдө. Керектелүүчү 7,0 мин тонна көмүрдүн 2,9 мин. тоннасы ташылып келинди.
2024-жылдын январь-октябрь айларында облустун аймагында иштеп жаткан 50 көмүр өндүрүүчү ишканалар тарабынан 776,3 миң тонна көмүр өндүрүлдү.