Кыргыз-америка кызматташтыгынын негизги маселелери талкууланды

 Кыргыз-америка кызматташтыгынын негизги маселелери талкууланды

Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америкалык кызматташтыктын негизги маселелерин талкуулап, саясий диалогго, экономикалык кызматташтыкка, инвестициялык жана гуманитардык маселелерге өзгөчө көңүл бурушту.

Министр Кулубаев АКШда президенттик шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктап, Кыргызстан эки тараптуу мамилелерди, анын ичинде С5+1 форматынын алкагында мындан ары тереңдетүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Өз кезегинде элчи Вигери АКШнын Кыргызстан менен эки тараптуу деңгээлде жана С5+1 регионалдык платформасынын алкагында кызматташтыкты бекемдөөгө даярдыгын ырастады.

Мындан тышкары, элчи Кыргызстандын гуманитардык демилгелерин, анын ичинде Сирия менен Ирактан аялдар менен балдарды репатриациялоону колдоого алып, бул маселелер боюнча АКШнын техникалык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап ачык диалогдун маанилүүлүгүн белгилеп, эки тараптуу өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө болгон ишенимин билдиришти.

Связанный пост