Кыргызстанда бир аптада 19,5 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Кыргызстанда бир аптада 19,5 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 11-ноябрдан 17-ноябрга чейин 19 миң 508 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.
Анын ичинен:
-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 1 180;
-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 287;
-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 64;
-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 279;
-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 490;
-Авто ээнбаштык – 6;
-Белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 243;
-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 2;
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары -11 859.
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 678 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.