Бүгүн Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкө боюнча 15 соцобъект онлайн форматта ачылат

 Бүгүн Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкө боюнча 15 соцобъект онлайн форматта ачылат

Бүгүн, 15-ноябрда президент Садыр Жапаровдун Ош жана Жалал-Абад облустарына болгон иш сапарынын алкагында мамлекет башчынын катышуусунда республика боюнча 15 социалдык объект онлайн форматта ачылат.

Ачууга пландалган объекттердин тизмеси:

  1. Жапалак муниципалдык аймактык башкармалыгынын Мээркан айылындагы орто мектеп жана спорт зал;
  2. Ош облусунун Алай районунун Памир-Алай айыл аймагына караштуу Талды-Суу айылындагы спорт комплекс;
  3. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Алайку айыл аймагына караштуу Кебек Мамаев атындагы орто мектеби;

4. Ош облусунун Ноокат районунун Т.Зулпуев атындагы айыл аймагынын Үч-Бай айылындагы Үч-Бай орто мектеби;

5. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл аймагынын Ооган-Талаа айылындагы оорукана;

6. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Багыш айыл аймагынын Октябрь айылында спорт залы;

7. Өзгөрүш айылындагы С. Райымбеков атындагы орто мектебинин спорт залы;

8. Нарын облусунун Нарын шаарындагы А.Садыков атындагы №9 орто мектеби;

9. Кара-Балта шаарынындагы сейил багы;

10. Кара-Балта шаарындагы Калкты тейлөө борбору;

11. Сокулук айылындагы 180 орундуу “Ак-Шоола” бала бакчасы;

12. Ысык-Кѳл облусунун Түп районунун Тогуз-Булак айылындагы Жакшылык Асаналиев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби;

13. Каракол шаарындагы Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси;

14. Жети-Өгүз районунун Оргочор айыл аймагынын Тилекмат айылындагы “Бактылуу балалык” бала бакчасы;

15. Балыкчы шаарындагы темир-бетон мамыларын чыгаруучу ишкана

Эске салсак, мамлекет башчы бүгүн иш Ош жана Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ала-Тоо айыл аймагында жаңы түптөлгөн Жаңы-Барак айылынын ачылыш аземине катышты.

Связанный пост