Президент бир күндүк иш сапары менен Ош жана Жалал-Абад облустарына барат
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда, бир күндүк иш сапары менен Ош жана Жалал-Абад облустарына барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында, сапардын жүрүшүндө Ош облусунда толугу менен жаңы түптөлгөн Жаңы Барак айылын жана бир катар социалдык обьектилерди ачып, Жалал-Абад облусунун Казарман айыл аймагында жергиликтүү тургундар менен жолугушат.