Министрлер Кабинетинин Жогорку Кенештеги отчету: Мамлекет саламаттыкты сактоо тармагын активдүү өнүктүрүүнү улантууда

 Министрлер Кабинетинин Жогорку Кенештеги отчету: Мамлекет саламаттыкты сактоо тармагын активдүү өнүктүрүүнү улантууда

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жана “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджети жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин отчету каралган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештеги жыйында социалдык тармакта аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Анда, мамлекет саламаттыкты сактоо тармагын жигердүү өнүктүрүүнү улантып жатканы, бул бюджеттин олуттуу көбөйүшү жана медицина кызматкерлеринин эмгек шарттарынын жакшырышы менен тастыкталып жатканы белгиленди. 2024-жылы саламаттыкты сактоонун бюджети 42,4 миллиард сомду түздү, бул 2023-жылга салыштырмалуу 3,6 миллиардга жана 2020-жылга салыштырмалуу эки эсеге көп.

Медицина кызматкерлеринин эмгек акысы да жогорулаганы белгиленди.  2021-жылы үй-бүлөлүк дарыгерлер жана жалпы практикадагы дарыгерлер үчүн 100%га, калгандарыныкын 50%га. 2024-жылды дагы көтөрүлдү, дарыгерлердин айлык акысы 50% га, орто медициналык персоналдын айлык акысы 20% га, кенже тейлөөчү персоналдын, тез жардамдын айдоочуларынын акысы 10%га жогорулады.

Алыскы аймактарга адистерди тартуу максатында 2024-жылдын 1-июлунан баштап клиникалык ординаторлор жана интерн-врачтар үчүн стипендиялар, ошондой эле жогорку адистештирилген дарыгерлерге квартал сайын компенсация төлөмү киргизилди. Бул өлкөнүн тоолуу аймактарында медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртат.

Саламаттыкты сактоонун инфраструктурасын жаңылоонун алкагында 2024-жылы 22 объект курулуп, анын ичинен 7 объект ишке киргизилди. Ошондой эле, акыркы эки жылда 8 компьютердик томограф сатылып алынып, дүйнөлүк стандарттагы рентген-хирургиялык борбор ачылды, бул жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондордун санын кыскартууга салым кошот.

Связанный пост