2024-жылдын январь–октябрь айларында ИДПнын реалдуу өсүү темпи 109,6% түздү
2024-жылдын январь-октябрынын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын экономикасы туруктуу экономикалык өсүштү көрсөтүүнү улантууда, бул ички өндүрүштүн кеңейиши, экспорттун жана инвестициялардын өсүшү менен шартталган. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин алдын ала эсептөөлөрү боюнча 2024-жылдын январь – октябрь айарында ички дүң продуктунун (мындан ары-ИДП) көлөмү 1080,9 млрд сом суммасында түзүлүп, реалдуу өсүү темпи 109,6% ды (2023 – жылдын январь-октябрында 104,3 %) түздү. Иш жүзүндө экономиканын бардык тармактарында оң динамика байкалып, көрсөткүчтөр төмөнкүдөй: курулушта өндүрүштүн көлөмү 35,3 %га, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 8,3 %га, өнөр жайда 5,3 %га, айыл чарбасында 6,1 %га өстү.
2024-жылдын январь-октябрында өнөр жай ишканалары тарабынан жалпы суммасы 453,5 млрд сомго дүң продукция өндүрүлдү, өндүрүштүн көлөмү 2023жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 5,3% га көбөйдү (2023-жылдын январьоктябрында 1,8% га өсүш байкалды). 2024-жылдын январь-октябрь айларында өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө эң чоң үлүшкө ээ болгон кайра иштетүү өндүрүшүндө (78 %) продукция көлөмү 353,6 млрд сомду түзүп, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу физикалык көлөмдүн индекси 105,0 % түздү. Өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшү тазаланган мунайзат продуктуларын өндүрүүнүн көлөмүн 1,8 эсеге, жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфиялык ишти – 32,0% га, тамак – аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки буюмдарын – 22,0% га, фармацевтикалык продукцияны – 16,6% га, текстиль өндүрүшүндө, кийим өндүрүүдө – 14,0% га, ошондой эле резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын-9,3% га көбөйүшү менен камсыз кылынды.
Ошону менен бирге, Кумтөр кенинде продукцияны өндүрүү көлөмүнүн пландуу төмөндөшүнүн эсебинен негизги металлдарды өндүрүүдө көлөмдөрдүн 4,4% га төмөндөшү белгиленди, бул негизинен рудада алтындын курамы кыйла төмөн зонаны өздөштүрүү менен шартталган. Пайдалуу кендерди казып алууда (өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү салыштырма салмагы 10,8 %) 2024-жылдын январь-октябрынын жыйынтыгы боюнча продукция өндүрүүнүн көлөмү 49,0 млрд.сомду түздү, ал эми физикалык көлөмдүн индекси 2023-жылдын ушул мезгилине карата 99,4% ды түздү. Пайдалуу кендерди казып алуунун көлөмүнүн төмөндөшү чийки мунайды жана жаратылыш газын, металл кендерин казып алуунун көлөмүнүн азайышы менен шартталган. Электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоодо (өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн салыштырма салмагы 10,2%) 2024-жылдын январьоктябрь айларында өндүрүштүн көлөмү 46,3 млрд сомду түздү жана электр энергиясын өндүрүү, берүү жана бөлүштүрүүнүн 17,3% га өсүшүнүн эсебинен 15,1% га көбөйдү. Суу менен жабдуу, калдыктарды тазалоонун, иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуунун көлөмүнүн 17,6%га көбөйүшү негизинен сууну жыйноонун, иштетүүнүн жана бөлүштүрүүнүн 6,4% га жогорулашы менен шартталган. Өнөр жай өндүрүшү тарабынан ИДПны түзүүгө салым 0,85 пайыздык пунктту түзүп, ИДПны өндүрүү түзүмүндө өнөр жайдын салыштырма салмагы 16,7% ды түздү.
2024-жылдын январь-октябрь айларында айыл чарбасынын дүң продукциясы 344,1 млрд сом суммасында өндүрүлүп, 2023-жылдын тиешелүү мезгилине карата реалдуу өсүш темпи 106,1% ды түздү. 2024-жылдын январь-октябрь айларында айыл чарба, токой чарбасынын жана балык өстүрүүчүлүктүн дүң продукцияларын өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшү өсүмдүк өстүрүү продукциясынын 9,0 % көбөйүшү менен камсыз болду, мында буудай өндүрүшү 51,0 %га, арпа – 60,3 %га, мөмө-жемиштер – 27,0 %га, май өсүмдүктөрү – 20,0 %га, бадыраң өсүмдүктөрү – 18,9 %га, жашылча – 4,0 %, кант кызылчасы – 12,5 % көбөйгөн. Ошондой эле мал чарба продукциясы 2,7 %га өстү, анын ичинде жумуртка өндүрүшү 14,8 %га, сүт – 2,4 %га жана эт – 2,1 %га көбөйгөн. Өсүмдүк өстүрүү продукциясынын жогору көрсөткүчтөрү (9,0 %га) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн жогорулашы жана айдоо аянттарынын кеңейиши менен шартталган. Бул жылы айыл чарбага жагымдуу табигый-климаттык шарттар түзүлүп, айыл чарбанын өсүшүнө чоң өбөлгө болду. Учурда республика боюнча дан эгиндери 643,2 миң га аянтта жыйналып, жалпы аянттын 96,3%ын түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 88,8 миң га көп. Буудай жыйноо толугу менен аяктап, жалпы аянты 240,5 миң га түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 37,8 миң га көп. Орточо түшүмдүүлүк 30,0 ц/га түзүп, бул 2023жылга салыштырмалуу 6,6 ц/га көп. Арпа жыйноо да толугу менен аяктап, 245,9 миң га аянтта жыйналды, бул өткөн жылга салыштырмалуу 44,6 миң га көп. Орточо түшүмдүүлүк 26,0 ц/га түзүп, 4,9 ц/га көп. Жалпы түшүмдүүлүк 638,3 миң тоннаны түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 214,0 миң тоннага көп. Ошондой эле, дан өсүмдүктөрүн жыйноо аяктап, 53,0 миң га аянтта жыйналды. Түшүмдүүлүк 14,8 ц/га түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 1,9 ц/га көп, жалпы түшүм 78,3 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 11,9 миң тоннага көп болду. Жалпы жашылча түшүмдүүлүгү 1 452,3 миң тоннаны, бакча өсүмдүктөрү – 336,5 миң тоннаны түздү. Май өсүмдүктөрү 13,8 миң га аянтта жыйналып, түшүмдүүлүгү 11,2 ц/га түздү, жалпы түшүм 15,4 миң тоннаны түздү. Кант кызылчасы 11,5 миң га аянтта жыйналып, орточо түшүмдүүлүк 621,7 ц/га түздү, бул 2023-жылга салыштырмалуу 142,7 ц/га көп. Жалпы түшүм 713,9 миң тоннаны түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 319,7 миң тоннага көбөйдү. Быйылкы жылы бул өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгү жогорку деңгээлде болду.
Айыл чарба тармагына мамлекеттик колдоо улантылууда. 2024-жылдын 31октябрына карата “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоору аркылуу республика боюнча 10 466 айыл чарба товар өндүрүүчүгө 4 153,82 млн сом суммасында жеңилдетилген насыялар берилген, анын ичинде: мал чарбачылыгы тармагына 9 067 субъектиге 3 691,18 млн сом жана өсүмдүк өстүрүү тармагына 1 399 субъектиге 462,64 млн сом берилди. Бул долбоорду ишке ашырууга 5,0 млрд сом насыя көлөмү менен “Айыл Банк” ААК жана “Элдик Банк” ААК катышууда. Айыл чарба секторунун ИДПга кошкон салымы 0,67 пайыздык пунктка жетип, ИДП түзүмүндө үлүшү 10,0% түздү.
Курулуш комплексинде капиталдык салымдардын көлөмүнүн көбөйүшү сакталууда. 2024-жылдын январь-октябрынын жыйынтыктары боюнча каржылоонун бардык булактарынын эсебинен негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 186,7 млрд сомду түздү жана 49,5% га көбөйдү (2023-жылдын январьоктябрында 17,5%га өскөн). 2023-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу негизги капиталга инвестициялардын көлөмүнүн көбөйүшү ички каржылоо булактарынын 1,4 эсеге жана тышкы каржылоо булактарынын 1,8 эсеге өсүшүнүн эсебинен камсыздалды. Негизги капиталга инвестициялардын көлөмүнүн өсүшү айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык уулоочулук, пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүшү, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу), суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, мейманканалардын жана ресторандардын ишмердиги, маалымат жана байланыш, мамлекеттик башкаруу жана коргоо, билим берүү, саламаттыкты сактоо, искусство, көңүл ачуу жана эс алуу объекттеринин курулушунда, ошондой эле турак жай курулушунда белгиленди. 2024-жылдын январь-октябрында инвестициялардын негизги көлөмү (инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 83 %дан ашыгы) пайдалуу кендерди казуу, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу), транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, иштетүү өндүрүшү, билим берүү объекттеринин курулушуна, ошондой эле турак жай курулушуна багытталды. Экономиканы капиталдаштыруунун көлөмүнөн улам курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 2024-жылдын январь-октябрында 188,0 млрд сомду түздү жана 35,3% га көбөйдү (2023-жылдын январь-октябрында 15,4% га өскөн). Курулуш секторунун ИДПнын түзүлүшүнө кошкон салымы 1,97 пайыздык пункт деңгээлинде бааланууда, ал эми ИДПнын түзүмүндөгү үлүшү 7,2 % түздү.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсү мурдагыдай эле ИДПнын түзүмүндө 48,8% басымдуу үлүштү ээлеп, экономикалык өсүшкө эң чоң салымды камсыз кылууда (4,5 п.п.). 2024-жылдын январь-октябрь айларында кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү продукциянын көлөмү 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 8,3% га өстү. Дүң жана чекене сооданын, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоонун жалпы дүң көлөмү 2024-жылдын январь-октябрь айларында 1 230,0 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 119,0% түздү. 2023-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу дүң жана чекене сооданын жүгүртүлүшүнүн, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоонун көбөйүшү негизинен дүң (19,0 %) жана чекене (11,8 %) сооданын көлөмүнүн өсүшү менен камсыз болду. Мейманканалар жана ресторандар тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын дүң көлөмү 2024-жылдын январь-октябрь айларында 34,7 млрд сомду түздү жана 2023жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 19,2% га өстү. Отчеттук мезгилде маалымат жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүң көлөмү 30,1 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 112,3% түздү.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн ИДПнын өсүүсүнө болгон салымы 4,14 пайыздык пункттун деңгээлинде бааланат, ал эми ИДПны өндүрүү түзүмүндөгү салыштырма салмагы 49,3 %ды түздү. 2024-жылы Кыргыз Республикасында инфляциялык процесстердин басаңдашы байкалды. Керектөө бааларынын индекси 104,2 %ды түздү (2024-жылдын октябрь айы өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу), 2023-жылы ушул эле көрсөткүч 106,7 %ды түзгөн. Инфляциянын орточо жылдык деңгээли (2024-жылдын январь-октябры 2023жылдын январь-октябрына) 104,8 %ды түздү, 2023-жылы ушул эле көрсөткүч 111,5 %ды түзгөн. Мында баалар алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге – 9,3 %га, азык-түлүк эмес товарларга – 3,6 %га, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга – 2,3 %га, калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 7,5 %га жогорулады. Бул мезгилде малдын тоң майынын (13,6 %га), эттин (12,0 %га), табигый аары балынын (10,9 %га), балмуздактын (10,0 %га), туздун (8,6 %га), майлуу быштактын (8,1 %га), картошканын (7,7 %га), балыктын (6,2 %га), кондитердик азыктардын жана ак каймак майдын (5,9 %га), акшактын (5,4 %га), алкоголсуз суусундуктардын жана жогорку сорттогу ундун (5,2 %га), бышырылган нан азыктарынын (4,9 %га), сырдын (4,1 %га), майлуулугу 2,5-3,2% болгон пастеризацияланган сүттүн (3,5 %га), орто дандуу күрүчтүн (3,0 %га) жана күнкарама майынын (1,6 %га) баалары эң көп кымбаттады. Муну менен катар, гречка акшагынын (17,5 %га), жаңы бышкан жашылчалардын (15,6 %га), жаңы бышкан жемиштердин (14,8 %га), куюлуп сатылуучу сүттүн (7,5 %га), тоок жумурткасынын (3,6 %га), варенье, джем, повидлонун (3,1 %га), биринчи сорттогу ундун (1,9 %га), пахта майынын (1,3 %га) жана уйдун боор этинин (0,8 %га) бааларынын төмөндөшү катталган. Эмгек акы. Бир кызматкердин (чакан ишканаларды кошпогондо) орточо айлык номиналдык эмгек акысы 2024-жылдын январь-сентябрь айларында 35 791 сомду түзүп, 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 11,8 %га, ал эми реалдуу эмгек акынын өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алуу менен – 6,7 %га өстү. 2024-жылдын январь-сентябрында 2023-жылдын январь-сентябрына салыштырганда номиналдык эсептелген орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин жогорулашы экономикалык ишмердиктин бардык түрдөгү ишканаларында жана уюмдарында байкалды. Алардын эң олуттуу жогорулашы дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо – 30,3 %га, курулуш – 27,2 %га, башка тейлөө ишмердиги – 26,4 %га, кыймылсыз мүлк операциялары – 23,3 %га, суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу – 22,7 %га, кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик – 22,0 %га, пайдалуу кендерди казуу – 21,8 %га, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу – 21,6 %га, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо – 15,8 %га, административдик жана көмөкчү ишмердик – 14,4 %га, ошондой эле иштетүү өндүрүшү (иштетүү өнөр жайы) чөйрөлөрүндө – 12,8 %га байкалды.
2024-жылдын январь-сентябрында тышкы соода жүгүртүүнүн жалпы көлөмү 12,0 млрд АКШ долларын түздү жана 2023жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 8,4%га өстү. Мында Кыргыз Республикасынын экспорттук берүүлөрүнүн көлөмү 28,2% га көбөйдү жана 2,8 млрд АКШ долларын түздү, ал эми Кыргыз Республикасына импорттук берүүлөр өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,7% га көбөйдү жана 9,3 млрд АКШ долларын түздү. Товар жүгүртүү түзүмүндө экспорттун үлүшү – 22,8 % , импорттуку – 77,2 % ды түздү. 2024-жылдын январь-сентябрында экспорттук жеткирүүлөрдүн 2023-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу көбөйүшү бут кийим жана алардын тетиктердин 4,5 эсеге, трикотаж кездемелерин 2,9 эсеге, сүт жана сүт азыктардын 1,6 эсеге,
пластмассаларды жана алардан жасалган буюмдарды 1,6 эсеге, алтынды 37,8% га, автомобилдер жана тракторлор үчүн бөлүктөрдү жана аксессуарларды 35,5 % га, эт жана эт субпродуктыларын 34,2% га, жабдуулардын жана механизмдердин 17,7 %, текстиль кийимдери жана буюмдары – 12,3% га өсүшү менен шартталган. Ошону менен бирге жеңил унаалардын экспорту 4,2 эсеге, цемент – 2,3 эсеге, керамика буюмдары – 1,7 эсеге, пахта буласы – 1,7 эсеге, трикотаж кийимдери – 18,3% га, жездин калдыктарынын жана сыныктарынын – 12,9% га, электр машиналары жана жабдуулары – 12,4 % га төмөндөгөнү байкалган.
Импорттук келип түшүүлөрдүн көлөмүнүн 2023-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу өсүшү негизинен мунайзат продуктуларын 1,7 эсеге, жаратылыш жана суюлтулган газдын 1,6 эсеге, электроэнергиянын 1,6 эсеге, текстиль кийимдеринин 1,5 эсеге жана жабдуулардын 38,1% га көбөйүшү менен камсыздалган, кара металлдардын 35,1% га, эт жана эт азыктары 32,1% га жана мөмө-жемиштер 17,5% га ж. б. өсүшү менен шартталган. Ошол эле учурда импорттук келип түшүүлөрүнүн көлөмү трикотаж кездемелеринин 4,9 эсеге, электр машиналарынын жана жабдуулардын 18,3 % га, трикотаж кийимдеринин 13,6% га, жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражаттарынын жана алардын тетиктеринин 10,5% га, пластмасса жана алардан жасалган буюмдардын 9,9 % ге төмөндөшү менен ылдыйлаган. Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көлөмү 2024-жылдын январь-сентябрында 3,8 млрд. АКШ долларын түзүп, 2023-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 15,2 % көбөйдү. Бул мезгил ичинде республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (72,5 %) жана Казакстанга (25,7 %) туура келди. ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттук жеткирүүлөрдүн 2023-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 29,2 пайызга көбөйүшүү бут кийим жана алардын тетиктерин 4,6 эсеге, трикотаж кездемелерин – 2,9 эсеге, пластмассаларды жана алардан жасалган буюмдардын – 2,0 эсеге, сүт жана сүт азыктарынын – 1,6 эсеге, жаңы же муздатылган уй эттин 37,5% га өсүшү менен шартталган.
Ошол эле учурда экспорттук жеткирүүлөрдө балыктын 2,2 эсеге, жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражаттарынын жана алардын тетиктеринин – 1,8 эсеге, глазурланбаган керамикалык плиткалардын – 1,7 эсеге, баалуу металлдардын рудаларын жана концентраттардын – 24,2% га азайышы байкалган. ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттук келип түшүүлөрдүн 2023-ж. январь-сентябрына салыштырмалуу 9,5 пайызга өсүшү негизинен мунай кокс жана битумдун 2,8 эсеге, жаратылыш жана суюлтулган газдын 1,7 эсеге, мунайзат продуктуларынын 1,7 эсеге, канттын 38,5% га, кара металлдардын 32,6% га, фармацевтикалык продукциядан 26,5% га, электр энергиясынын 21,7% га түшүүлөрдүн көбөйүшү менен шартталган. Муну менен катар импорттук келип түшүүлөрүнүн азайышы байкалган. Ал негизинен цементтин импортунун 2,6 эсеге, таш көмүрдүн – 2,3 эсеге, жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражаттарынын жана алардын тетиктеринин – 2,4 эсеге, жер семирткичтердин – 1,5 эсеге, күн карама майынын – 19,7 %га, самын жана жуучу каражаттардын – 18,5%га, электр машиналарынын жана жабдууларынын – 12,4% га, жабдуулар жана механикалык түзүлүштөрдүн – 9,8% га төмөндөшунө байланыштуу болду.