Баткен облусунда тогуз айда 5300 жумуш орун түзүлдү
Баткен облусунун 2024-жылдын 9-айы ичиндеги социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жыйынтыктаган коллегия болуп өттү.
Коллегияда маалым болгондой, 2024-жылдын январь-сентябрь айында өнөр-жай ишканалары тарабынан 5573,9 млн сомдук продукция өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 112,3% түздү, айыл-чарбасы 20813,7 млн. сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 98,0 % түздү.
– 50гө жакын көмүр өндүрүүчү ишканалар тарабынан 648,8 миң тонна көмүр өндүрүлдү.
-42,7 чакырым жолго жаңы асфальт тѳшѳлдү.
-“РСК Банк”, “Айыл Банк” тарабынан жалпы 651 ишкерге 266,4 млн сом жеңилдетилген насыя берилди.
-1921,8 млн. сом салык төлөмдөрүн жана башка жыйымдарды жыйноо план катары жеткирилген болсо, 2029,6 млн. сом чогултулуп план 105,6%, же болбосо планга салыштырмалуу 107,8 млн. сомго көп чогултулган.
– 5 887,9 млн сом өлчөмүндө капиталдык салымдар беренеси аркылуу инвестиция тартылды.
– 62 млн 396 мин долларлык чет өлкөлүк инвестиция тартылган. Эскертүү: 9 айдын жыйынтыгы статистика башкармалыгынын графиги боюнча декабрь айында чыгат)
-Жакырчылыктын деңгээли былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 999 үй-бүлөгө кыскарган.
-2024-жыл үчүн 2840 квота берилген болсо, анын 2147 үй-бүлө социалдык контракт долбоорунун алкагында 100миң сомдон социалдык колдоо алды.
-26 үй тибиндеги балдар бакчасы ачылды
– 5 311 жумуш орун түзүлгөн, бул көрсөткүч өткөн жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу 2 843 жумушчу орунга көп.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, коллегиянын соңунда облус активине жыл аягына чейин белгиленген иш чараларды мөөнөтүндө, сапаттуу аткаруу жагын белгиледи. Ошондой эле,
– кышка даярдык,
-калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо,
-облусту өнүктүрүүгө багытталган 500 млн сомду толук өздөштүрүү,
-ветеринардык абалга өзгөчө көңүл буруу,
-жугуштуу оорулардын алдын алуу иштерин активдештирүү,
-Таза суу ишканаларын, суунун сапатын жакшыртууга керектүү аппараттар менен камсыздоо,
-жол кырсыктарынын алдын алуу,
-турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды койду.