Кыргызстан такси ишмердүүлүгүнө лицензия берүүнү пландаштырууда

 Кыргызстан такси ишмердүүлүгүнө лицензия берүүнү пландаштырууда

Кыргызстан такси ишмердүүлүгүнө лицензия берүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу КР Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү маалымдады.

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Жыйында баяндама жасаган Ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосунов белгилегендей, мыйзам долбоору менен жеңил таксилердин ишмердигин лицензиялоону киргизүү бөлүгүндөгү 5-берененин 2-бөлүгүнүн 12-пунктундагы жана 15-берененин 17-пунктундагы «(жеңил таксилерден тышкары)» деген сөздөрдү алып салуу сунушталууда.

Тагыраагы, жогоруда көрсөтүлгөн сөздөрдү алып салуу жеңил автомобиль транспорту (такси) менен жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча ишмердигине лицензиялоону киргизүүнү камсыздайт.

Талкуу маалында депутат Бактыбек Сыдыков таксилерди видеорегистраторлор менен милдеттүү түрдө жабдуу тууралуу норманы киргизүүнү сунуштады. Ал эми эл өкүлү Гүлшаркан Култаева жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча ишмердигине берилген лицензиянын мөөнөтүнө кызыкты.

Андан тышкары, жыйында «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты. Мыйзам долбоору Бишкек-Ош жолдорундагы тоннелдерди тартипке келтирүү, тейлөө жана пайдалануу, ошондой эле республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында иштелип чыккан.

Связанный пост