Чолпон-Атада 100 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды
Ысык-Көл облустук Жалпы дарыгерлик практика борборунун аймагында шаардын жана Ысык-Көл облусунун тургундарына сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган 100 орундуу жаңы оорукананын курулушу башталды. Буул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Капсула салуу аземине Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Гулкан Молдобекова, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев жана Ысык-Көл облустук Жалпы дарыгерлик практика борборунун кызматкерлери катышты
Өз сөзүндө министр мамлекет жарандардын саламаттыгына кам көрүү жана ден оолугун чыңдоо үчүн бардык шарттарды түзүүгө умтулуп жатканын белгиледи. Министр Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагына ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Жалпы дарыгерлик практика борборунун жаңы имаратын курууга республикалык бюджеттен 282 миллион сом бөлүнгөн. Анын айтымында, бул оорукананын курулушу Чолпон-Ата шаарынын тургундарын медициналык тейлөөнүн сапатын бир топ жакшыртат, ошондой эле бардык туристтер үчүн шарттар түзүлөт.
«Чолпон-Ата шаары жыл сайын өнүгүп жатат, быйыл 1 миллиондон ашык адам эс алды. Ооруканаларда орундардын жетишсиздиги байкалды, ошондуктан жаңы оорукананын курулушу абдан маанилүү. Имарат керектүү медициналык жабдуулар менен жабдылат. Үстүбүздөгү жылдын май айында 350 орундуу оорукананын курулушу башталып, жакында эле Түп жалпы дарыгерлик практика борбору пайдаланууга берилди. Жакынкы жылдары республика боюнча жалпысынан 20 жаны оорукана куруу пландалууда. Быйыл медицина кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды, кийинки жылдары дагы этап-этабы менен жогорулатылат. Биз медицина кызматкерлерибизге жана калкыбызга бардык шарттарды түзүүгө умтулабыз», – деди Алымкадыр Бейшеналиев.
Жалпы аянты 2958,88 м2 болгон 3 кабаттуу имаратта тез жардам бөлүмү, төрөт жана гинекологиялык бөлүм, хирургиялык бөлүм жайгашат. Быйылкы жылы Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын, Ош шаардык клиникалык ооруканасынын жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун аймагына жаңы ооруканалардын курулушуна капсулалар салынганын белгилейбиз.