Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун Мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-Саммити башталды

Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-жыйыны башталды.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтүүдө.

“Ынтымак Ордосунун” кире беришинде Мамлекет башчысы ТМУга мүчө-мамлекеттеринин лидерлеринин ар бири – Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев, ошондой эле байкоочу мамлекеттин лидери – Венгрия Республикасынын Премьер-министри Виктор Орбандар менен салам алышты.

Учурашып, биргелешкен сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин мамлекет башчылары Түрк мамлекеттер уюмунун Мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-жыйыны өтө турган жыйындар залына бет алышты.

Связанный пост