Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасына келди.

Казакстандын Президентин “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.

Белгилей кетсек, Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга ушул жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги он биринчи Саммитине катышуу үчүн келди.

Саммиттин ишине Уюмга мүчө беш мамлекеттин – Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Түркия Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын лидерлери, ошондой эле Уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн башчылары катышат.

Связанный пост