Кадамжайда дың жерлерди өздөштүрүү үчүн суу сактагычтарды куруу иштери активдүү жүрүүдө

Кадамжайда дың жерлерди өздөштүрүү үчүн суу сактагычтарды куруу иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

 

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, кечээ 3-ноябрда Кадамжай районунун Молдо-Нияз айыл өкмөтүнө иш сапары менен барды.

 

Ыйгарым укуктуу өкүл аймактагы ижарага берилген жерлерди өздөштүрүү, максаттуу пайдалануу боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат алды.

 

Анын алкагында Кыргыз-Кыштак айылында мамлекеттен 20 гектар жерди ижарага алган ишкердин ишмердүүлүгүн көрүп чыкты.

 

Ишкер дыйканчылык жана багбанчылык багытына пайдалануу үчүн алган жерине 6 миң кубдук суу сактагыч куруп жатканын билдирди.

 

Жерди өздөштүрүүгө даярдыктарды жаз мезгилине чейин бүткөрүп, жаз алды менен суроо талап күч болгон эрте бышуучу айыл чарба продукцияларын өстүрүү пландары менен бөлүштү.

 

Белгилей кетсек, учурда Кадамжай районунун аймагында мындан сырткары эки чоң суу сактагыч курулууда. Алар Ак-Турпак айыл аймагынын Жетиген айылында жана Орозбеков айыл аймагынын Тамаша айылында. Бул иш аракет жергиликтүү бийлик, Суу чарба башкармалыгы жана жергиликтүү элдин биргелешкен аракети, мамлекеттин колдоосу менен, ашар жолу аркылуу ишке ашууда.

 

Максат- аймактагы өздөштүрүлбөй жаткан жерлерди өздөштүрүү жана сугат аянттарына сугат суу берүүнү жакшыртуу.

 

Акыркы эки жылда Кадамжай районунда 700гектар дың жер өздөштүрүү үчүн жарандарга ижарага берилген.

 

Облус башчысы бул күнү Кан айылындагы жолдун курулушу менен да таанышты.

Быйылкы жылы Кан айылын Ош-Баткен-Раззаков жолу менен байланыштырган жолдун 5 чакырымына асфальт төшөлгөн.

 

Ал үчүн республикалык бюджеттен 36млн сом каржыланган.

Связанный пост