Акылбек Жапаров Citi эл аралык банкынын делегациясы менен жолугушту
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Citi эл аралык банкынын делегациясы менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар каржы жана инвестиция тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Министрлер кабинетинин башчысы туруктуу экономикалык өсүш жана экономиканын негизги тармактарын өнүктүрүү үчүн чет элдик инвестицияларды тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Бул контекстте ал банк секторунда, финансылык кызматтарды санариптештирүү жана инновациялык технологияларды киргизүү маселелеринде Citi менен кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи.
Citi өкүлдөрү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстан менен кызматташууну өнүктүрүүгө өз ара кызыкдарлыгын билдиришти.