Камчыбек Ташиев Нарын шаарында спорт комплексинин курулушуна мезгил кутучасын салды
Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарында спорт комплексинин курулушуна мезгил кутучасын салды.
Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ошондой эле УКМК башчысы Нарын шаарына болгон иш сапарынын алкагында бир катар социалдык обьектилерде болуп, элдин социалдык абалынан кабар алды.
Камчыбек Ташиев өз сөзүндө белгилегендей, кара күч колдонуп, зордук-зомбулук кыла турган заман өттү, азыр бардык нерсе мыйзам чегинде болот, спортчулар бандит же хулиган эмес, мамлекеттин туусун бийик көтөрүп, ар намысын сактаган инсандар болушу керек.
“Ушул спорт комплексинен мамлекетибиздин ар-намысын коргогон күчтүү спортсмендер чыгышын тилек кылып, курулуш ишинин сапатын өзүм көзөмөлгө алам”, – деди ал.
Ошондой эле Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы өлкө башчысынын жетекчилиги менен элге бардык социалдык шарттарды түзүп берүүгө аракет көрүлүп жатканын айтып, кийинки жылы Нарын шаарындагы Ала-Тоо стадиону оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөрүн билдирди.
Иш чарага президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Нарын шаарынын коомчулугу, спортчулар катышты.
Белгилей кетсек, курулушу башталып жаткан спорт комплекси С.Бекмамбетов атындагы спорт мектебине караштуу эркин күрөш менен машыктыруучу комплекс болот. Имарат 2 кабаттуу болуп, бардык заманбап шарттар каралат. Курулуш иши кийинки жылдын сентябрь айында аяктары мерчемделүүдө. Спорт комплексин куруугаНарын шаарынын тургуну, жеке ишкер А.Моңолов демөөрчүлүк кылууда.