Мамлекеттик ипоткалык компания уставдык капиталын 3,5 млрд сомго көбөйттү

 Мамлекеттик ипоткалык компания уставдык капиталын 3,5 млрд сомго көбөйттү

“Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК уставдык капиталын 3,5 млрд сомго көбөйтүүнү чечти. Мындай чечим акционерлердин 29-октябрдагы жыйынында кабыл алынганын Кыргыз фондулук биржасынан билдиришти.

 

Документте 3 млрд 503,8 млн сом “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКтын жөнөкөй акцияларынын кезектеги чыгарылышын каттоо жана жайгаштыруу жолу менен жүгүртүүдөгү жөнөкөй акциялардын санын көбөйтүүгө жумшала тургандыгы айтылат:

 

Ошондой эле жыйында “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКты Кыргызстандын юстиция органдарынан кайра каттоо жол-жобосун жүргүзүү жана өзгөртүүлөрдү эске алуу менен уставын бекитүү чечими кабыл алынды.

Связанный пост