Чүй облусундагы Шамшы дарыясына чакан ГЭС курулат
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Чүй облусундагы Шамшы дарыясына чакан ГЭС куруу долбоорун каржылоо боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кубаттуулугу 1,7 МВт болгон жаңы Шамшы ГЭСи жылына 10 млн кВт/саат электр энергиясын кошумча иштеп чыгууну камсыз кылуу менен Чүй облусунун муктаждыгынын 10%ын камсыздайт.
Аталган фонддун төрагасы Артем Новиковдун айтымында, жаңы ГЭСтин курулушу Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүүгө жасалган маанилүү кадам болуп саналат. «Бул долбоор ийгиликтүү ишке ашып, аймак үчүн да, жалпы Кыргызстан үчүн да чоң пайда алып келет деп ишенем», – деди ал.
Новиков белгилегендей, акыркы 3,5 жылдын ичинде элеРоссия-Кыргыз өнүктүрүү фонду республика боюнча гидроэнергетика тармагында 16 жаңы долбоорду ишке ашыра баштады. Алар 700 млн киловатт-саатка жакын электр энергнясын иштеп чыгарат, бул өлкөдөгү энергия тартыштыгын бир кыйла кыскартат.
Белгилей кетсек, Шамшы ГЭСинин курулушу облуска инвестиция тартууга жана өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө жардам берүү менен, жаңы жумуш орундарын түзүп, жергиликтүү калктын жашоо деңгээлине оң таасирин тийгизет. Долбоордун ишке кириши Кыргызстандын бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы фонддоруна 2,5 млн сомдон ашык суммада жыл сайын төлөнүүчү төлөмдөрдү камсыз кылат.
Эске салсак, станцияны ишке киргизүү 2026-жылга белгиленген.