1-марттан тартып жеңил өнөр жай товарлары Россиянын аймагында милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш
2025-жылдын 1-мартынан тартып Россиянын аймагында милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон жеңил өнөр жай товарларынын тизмеси жаңы позициялар менен кеңейтилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.
Ведомстводон белгилешкендей, атамекендик экспорттоочулар жана өндүрүүчүлөр аталган жеңил өнөр жай товарларын маркалоосу зарыл.
Жаңы товардык топтор үчүн маркалоонун коддорун алуу үчүн Кыргызстандын товарларын маркалоонун жана көзөмөлдөөнүн Улуттук оператору “Альфа Телеком” ЖАКка кайрылуу керек.
Main.teksher.kg сайтындагы “Текшер” маалыматтык системасы аркылуу маркалоо оператору менен келишим түзүп, продукцияны товарлар каталогуна каттоо керек.
Алынган маркалоо коддору продукциянын көрсөтүлгөн түрлөрүн Россияга экспорттоого мүмкүндүк берет.
Маркалоо коддорун алуу жөнүндө толук маалыматты main.teksher.kg сайтынан же 0999 333 999 номери аркылуу алууга болот.