Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

 Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ош облусунун ИИБнын басма сөз кызматы маалымдады.

2024-жылдын 22-март күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгына Ош шаарынын 1988-жылы туулган Д.К. аттуу жараны арыз менен кайрылган.

Анда 2023-жылдын күз мезгилинде С. аттуу сырттан тааныган жаран анын ишенимине кирип, “ЛЕКСУС” үгүсүндөгү автоунаасын 650 000 (алты жүз элүү) миң сомго баалап алып, акчасын берем деп, бирок ар шылтоону айтып, бербей из жашырып кеткендигин көрсөткөн.

Арыз каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Чолгултулган материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө аракеттери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2024-жылдын 29-март күнү кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган, мурда соттолгон, Кыргыз Республикасынын ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган. А.уулу С. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына камсыз болду.

Учурда терөө амалдары уланууда

Связанный пост