24.09.24 — Кыргызстанда “өзгөчө” датада 200дөн ашуун түгөй баш кошту

 24.09.24 — Кыргызстанда “өзгөчө” датада 200дөн ашуун түгөй баш кошту

Кыргызстанда 24-сентябрда 208 түгөй баш кошуп, никесин расмий каттатты. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Маалыматта белгиленгендей, 24.09.24 сыяктуу “кооз даталар” сүйүү менен бакыттын символу болуп калуу менен бирге, үйлөнүү тойго өзгөчө атмосфера тартуулайт. Бул күн үй-бүлө, тынчтык жана ынтымак күнү менен дал келип, ага өзгөчө маани кошот.

“Үй-бүлө күнү, тынчтык, берилгендик жана бири-бирине колдоо көрсөтүү үй-бүлөлүк баалуулуктардын маанилүүлүгүн эске салат. Нике – бул жөн гана эки жүрөктүн биримдиги эмес, ошондой эле күчтүү коом үчүн негиз болуп саналат. Ар бир үй-бүлө – бул мамлекеттин тиреги жана келечеги, ошондуктан үй-бүлө институтун колдоо жана никенин маанилүүлүгүн белгилөө биздин коом үчүн актуалдуу милдеттердин бири.

Жаңы үйлөнгөндөрдү бул маанилүү кадам менен куттуктайбыз! Узак жылдар бою сүйүү, ынтымак жана өз ара түшүнүшүүнү каалайбыз”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост