2025-жылы агро өнөр жай комлексине 33 млрд сомдон ашуун каражат каралды

2025-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жана сапаттуу өткөрүү, агрегаторлорду жана фермерлерди колдоо максатында Министрлер Кабинети тарабынан “ФСХ-13”, “КАПК”, “ФОТП”, “Асыл-тукум”, “Малды жасалма уруктандыруу” мамлекеттик долбоорлору ишке ашырылып жатат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
Айтсак, “ФСХ-13” боюнча 10 пайыздык чен менен 4 млрд 92 млн 700 миң сом, “КАПК” менен 6 пайыз менен 4 млрд сом, “ФОТП” 6 пайыз менен 2 млрд 200 млн сом, “Асыл-тукум бодо мал чарбасын өнүктүрүү программасына” 3 пайыздык чен менен 5 млрд 555млн 500 миң сом каралган.
Андан сырткары, Төрөбаев мамлекеттик инвестициялык программалар, анын ичинен АБРдин “Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу айыл чарбасында кошумча нарк чынжырчасын өнүктүрүү”, Бүткүл дүйнөлүк банктын “Агро азык-түлүк кластерлерин туруктуу өнүктүрүү”, “АДАПТ” -аймактык жайыт коомчулугунун туруктуулугу”, Баткен облусундагы “Регионалдык экономикалык өнүктүрүү”, “Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” “Регионалдык экономикалык өнүктүрүү” долбоору, “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” жана KOICAнын “Кыргызстанда түшүмдүүлүктү жыйноодон кийин башкаруу системасын түзүүнү колдоо жолу менен айыл чарба продукцияларын наркын түзүү чынжырчасын бекемдөө” долбоорлору ишке ашырылып жаткандыгын кошумчалады.
“Урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевич айыл чарбага өзгөчө көңүл бөлүп, мамлекет тарабынан агро өнөр жай комлексине 2024-жылы 13 млрд сом берилсе, 2025-жылга жалпы 33 млрд. 497 млн. сом берүү каралды”, – деп билдирди Бакыт Төрөбаев.