2024-жылы 37 мамлекеттик орган электрондук кызмат көрсөтүүгө өткөн

 2024-жылы 37 мамлекеттик орган электрондук кызмат көрсөтүүгө өткөн

Былтыр 37 мамлекеттик орган электрондук кызмат көрсөтүүгө өткөн. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2024-жылдагы санариптик трансформациясынын жыйынтыгын чыгарган коллегияда белгилүү болду.

Ведомстводон билдиришкендей, 2024-жылы санариптик мамкызматтарды өнүктүрүүдө ийгиликтүү жылдардан болду. 37 мамлекеттик орган электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу кызмат көрсөтө башташты, ал эми “Түндүк” тутумундагы иштетилген транзакциялардын саны 3,53 млрдга жетти. Натыйжада, жарандар 21 млн саатты, ал эми бюджет болсо 1,67 млрд сомду үнөмдөштү.

Электрондук кол тамганы 1,17 млн жеке жана 42,3 миң юридикалык жактар колдонушту. Электрондук документ жүргүзүү тутумунда 8,7 млн документ катталып, мамлекет 1,2 млрд сомду түзгөн чыгымдарды азайтты.

2024-жылы мобилдик санариптик кызматтар алда канча эсе кеңейди. Tunduk мобилдик колдонмосун 2,85 млн жолу жүктөшүп, колдонмо аркылуу 60 мамкызмат жана 10 санариптик документ жеткиликтүү болду, алардын ичинде ID-карта, айдоочулук күбөлүк жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк. Колдонмо аркылуу онлайн төлөмдөрдүн суммасы 171,4 млн сомду түздү.

Бирдиктүү жекелештирүү тутумунда 2,04 млн жаңы колдонуучулар катталышып, 66 жаңы маалыматтык тутумдар туташтырылды. Тутумга кирүү QR-код, биометрикалык электрондук карта жана ID-карта аркылуу кирүү жеткиликтүү болду.

2025-жылга карата негизги максаттар жана долбоорлор:

• G-Cloud борборун киргизүү — мамлекеттик органдардын маалыматтарын сактоо жана иштеп чыгуу үчүн борборлоштурулган булуттук платформа;
• киберкоопсуздукту камсыздоо жана мамлекеттик маалыматтык тутумдардын үзгүлтүксүз иштөөсү үчүн маалыматтарды иштеп чыгуучу резервдик борборду түзүү;
•Санариптик компетенцияларды IT-колледжди киргизүү жана мамкызматкерлерди окутуу аркылуу өнүктүрүү;
• КР Санариптик кодексин кабыл алуу жана ачык маалыматтардын инфратүзүмүн өнүктүрүү;
• Жарандар жана бизнес үчүн күчтүү санариптик мамкызматтардын санын арттыруу;

Связанный пост