2023-жылы финансылык мыйзам бузуулардын көлөмү 3 млрд сомду түзгөн

 2023-жылы финансылык мыйзам бузуулардын көлөмү 3 млрд сомду түзгөн

2023-жылы Финансы министрлигинин Ички аудит кызматы тарабынан пландалган 443 объектинин 404 объектисинде текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, ошентип, пландын аткарылышы 91% түзгөн.

Ички аудит кызматы тарабынанан укук коргоо органдарынын (прокуратура, ички иштер, УКМК), ошондой эле жарандардын жана мекеме-уюмдардын кызматкерлеринин кайрылуулары боюнча 136 объекти боюнча атайын иликтөө иштери жүргүзүлүп, аткарылган иштер 109% түзгөн. Атайын иликтөөлөрдүн жүрүшүндө аныкталган мыйзам бузуулардын жалпы суммасы 2 млрд 210 млн 846,5 миң сомду түздү.

Жалпы Финансылык мыйзам бузуулар 3 млрд 83 млн 499,9 сомду түздү. Алар:

  • пландык текшерүүлөр – 872 млн 653,4 сом, анын ичинен 27% кайтарылды;
  • атайын иликтөөлөр – 2 млрд 210 млн 846,5 сом, анын ичинен 11,6% кайтарылды.

Связанный пост