2023-жылга республикалык бюджеттен Нарын облусуна 478,9 млн сом каралат

 2023-жылга республикалык бюджеттен Нарын облусуна 478,9 млн сом каралат

2022-жылы Нарын облусуна 505,1 млн сом бөлүнгөн. 2023-жылга 478,9 млн сом каралат. Бул тууралуу КР Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Нарын облусу боюнча 2022-жылдын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары жалпысынан 505,1 млн сом акча каражаты каржыланган, алар:

  1. Теңдөөчү трансферт– 227,2 млн. сом;
  2. Максаттуу трансферттеркатары жалпы 277,8 млн.сом анын ичинен:
  • Ыйгарым укуктарды берүүгө – 36,5 млн. сом;
  • Муниципалдык кызматкерлердин айлык акысынын жогорулашына – 111,6 млн. сом;
  • Маданият кызматкерлердин айлык акысынын жогорулашына- 51,6 млн. сом;
  • Башкы планга-3,8 млн. сом;
  • Электрэнергиясына болгон 50% компенсациясына-  42,5 млн. сом;
  • Жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга –  16,4 млн. сом;
  • Мыкты Айыл өкмөтү наамына  – 0,5 млн. сом
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каржылык тартыштыгына –  14,9 млн. сомду түздү

Нарын облусу боюнча 2022-жылдын ичинде 34 долбоор ишке ашырылып, ага 70,7 млн. сом акча каражаты каржыланды, анын ичинен:

  1. Мектептерге 10 долбоор-  20,1  млн.сом;
  2. Саламаттыкты сактоо мекемелерине 2 долбоор-  5,0 млн сом;
  3. Инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилери 4 долбоор – 7,7 млн. сом
  4. Спорттук курулуштарга 3 долбоор- 6,2 млн сом;
  5. Маданий маанидеги обьектилер 6 долбоор –  12,8 млн сом;
  6. Бала-бакчаларга 9 долбоор – 18,9 млн. сомго акча каражаты каржыланды.

Капиталдык салымдар беренесинен Нарын облусу боюнча 2022-жыл ичинде  487,4 млн сом каралган,  толугу менен каржыланган.

2023-жылга республикалык бюджеттен Нарын облусуна 478,9 млн сом каралат.

Райондор боюнча төмөндөгүдөй:

  1. Кочкор району- 97,4 млн. сом;
  2. Ат-Башы району- 110,3 млн. сом;
  3. Ак-Талаа району- 86,2 млн. сом;
  4. Жумгал району- 86,9 млн. сом;
  5. Нарын району- 98,1 млн. сом;

Связанный пост