2023-2024-окуу жылында колдонууга сунушталган окуу китептеринин тизмеги бекитилди

 2023-2024-окуу жылында колдонууга сунушталган окуу китептеринин тизмеги бекитилди

14-августа билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев “2023-2024-окуу жылында Кыргыз Республикасынын окутуу кыргыз, орус, озбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарында колдонууга сунушталган окуу китептеринин тизмектерин бекитүү жөнүндө” Буйрукка кол койду.

Буйрукка ылайык бекитилди:

– 202З-2024-окуу жылында Кыргыз Республикасынын окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарында колдонууга сунушталган окуу китептеринин тизмеги;

– 202З-2024-окуу жылында Кыргыз Республикасынын окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарында колдонууга сунушталган окуу китептеринин тизмеги;

– 202З-2024-окуу жылында Кыргыз Республикасынын окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарында колдонууга сунушталган окуу китептеринин тизмеги;

– 202З-2024-окуу жылында Кыргыз Республикасынын окутуу тажик тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарында колдонууга сунушталган окуу китептеринин тизмеги.

Жаңы предметтик стандарттар жана окуу программалары бекитилгенге чейин басылып чыккан кыргызстандык авторлордун окуу китептери 2022-202З-жылдары бекитилген предметтик стандарттарга жана окуу программаларына дал кел келген жаңы/жаңыланган окуу китептери басылып чыкканга чейин билим берүү процессинде колдонууга сунушталат.

Тизмекке киргизилген чет элдик авторлордун кээ бир окуу китептери (“Кыргыз Ресгryбликасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан сунушталган” грифи бар окуу китептерин кошпогондо) билим берүү процессинде кошумча окуу материалдары катары колдонулушу мүмкүн.

Связанный пост