2021-2025-жылдарга жылуулук энергиясына жана ысык сууга орто мөөнөттүү тарифтик саясатка өзгөртүүлөр киргизилди

 2021-2025-жылдарга жылуулук энергиясына жана ысык сууга орто мөөнөттүү тарифтик саясатка өзгөртүүлөр киргизилди

Энергетика тармагына өзүн-өзү актоо принциптерин киргизүү, ошондой эле энергетикалык ишканалардын финансылык көрсөткүчтөрүн жыл сайын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен Орто мөөнөттүү, 2021-2025-жылдарга жылуулук энергиясы жана ысык суу менен камсыздоо тарифтик саясатына өзгөртүүлөр киргизилди..

 

Бул тарифтик саясаттагы негизги өзгөртүүлөр:

 

Турмуштук эмес керектөөчүлөр үчүн:

 

– «Электр станциялары» ААКсынын «Бишкекжылуулуктармагы» жана Бишкек ЖЭБ филиалынын «Өнөр жай», «Башка керектөөчүлөр» жана «Бюджеттик керектөөчүлөр» топтору үчүн жылуулук энергиясына тарифтер жылуулук энергиясынын өздүк наркынын деңгээлинде колдонулат;

 

–«Электр станциялары» ААКсынын «Бишкекжылуулуктармагы» жана Бишкек ЖЭБ филиалынын «Өнөр жай», «Башка керектөөчүлөр» жана «Бюджеттик керектөөчүлөр» топтору үчүн ысык сууга тарифтер жылуулук энергиясынын өздүк наркынын деңгээлинде колдонулат.

 

Белгилей кетсек, бул өзгөртүүлөр калктын жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоо тарифтерине таасирин тийгизбейт.

 

Кошумчалай кетсек, өзгөртүүлөр «Электр энергетикасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесин аткаруу максатында киргизилген, мында баалар жылуулукту же электр энергиясын өндүрүүгө, берүүгө жана бөлүштүрүүгө, анын ичинде өндүрүшкө жана техникалык тейлөөгө кеткен чыгымдарды, капиталдык чыгымдардын ордун толтуруу, инвестицияларды тартуу жана пайыздык чендин кайтарымы сыяктуу толук чыгымдарды чагылдырууга тийиш.

 

Чечим Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан демилгеленген жана расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Связанный пост