Милицияга №63 мектеп-гимназиянында бомба коюлган деген маалымат келип түштү
Бүгүн саат 09:43 чамасында Бишкек шаардык ИИБнын 102 кызматына №63 мектеп-гимназиянында бомба коюлган деген маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБнин басма-сөз кызматы билдирди.
Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБнын жетекчилиги, Октябрь райондук ИИБнын тергөө-ыкчам тобу дароо жөнөп кетишкен. Окуучулар жана мектеп кызматкерлери эвакуацияланды.