11 айда “Альянс Алтын” компаниясы мамлекетке 13 млрд сом салык төлөдү

 11 айда “Альянс Алтын” компаниясы мамлекетке 13 млрд сом салык төлөдү

“Альянс Алтын” компаниясы 2025-жылдын 11 айында 13 млрд 90 млн 694 миң 167 сом салык төлөдү. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.

Белгиленгендей, компания 2015-жылдан тартып 2025-жылдын ноябрь айынын аягына чейин жалпы 37 млрд 352 млн 900 миң 331 сом төлөгөн.

Ошондой эле жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө 2021-жылдын апрель айынан 2025-жылдын ноябрь айына чейин жалпысынан 2 млрд 463 млн 707 миң 851 сом төлөндү.

Бул каражаттар жергиликтүү фонддорго төмөндөгүдөй тартипте бөлүштүрүлдү:

  • Талас облусун өнүктүрүү фондуна (50 пайыз) — 1 млрд 231 млн 853 миң 926 сом;
  • Талас районун өнүктүрүү фондуна (30 пайыз) — 739 млн 112 миң 355 сом;
  • Шумкар-Уя айыл аймагын өнүктүрүү фондуна (20 пайыз) — 492 млн 741 миң 570 сом.

Связанный пост