№13 шайлоо округунда ЖК депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы бекитилди

 №13 шайлоо округунда ЖК депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы бекитилди

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 30-декбарда, №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн каралган чыгымдардын сметасын бекитти.
2026-жылдын 1-мартына дайындалган №13 шайлоо округу боюнча кайра шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө кетүүчү чыгымдардын сметасы 18 млн 507 миң сом өлчөмүндө бекитилди.
Шайлоо комиссияларынын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдары республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
Сметада шайлоону уюштурууга жана маалыматтык жактан камсыз кылууга кетчү чыгымдар, комиссия мүчөлөрүнүн жана ишке тартылган жарандардын эмгек акысы, шайлоо (референдум) өткөрүлгөн күндөрү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, ошондой эле ишке тартылган жарандарга бир адамдык суткалык өлчөмдө тамак-аш уюштурууга суткалык төлөмдөр камтылган.
Андан тышкары, чыгымдардын бекитилген сметасы шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган иш-чараларды каржылоону, ошондой эле шайлоо комиссиялары үчүн борборлоштурулган сатып алууларды, шайлоо участокторун техникалык жактан жабдууну, маалыматтык материалдарды даярдоону, окутууларды уюштурууну, командировкалык чыгымдарды жана башка уюштуруу иш-чараларды камтыйт.
Чыгымдар төмөнкү негизги көрсөткүчтөргө таянып эсептелген:
–    округдук шайлоо комиссияларынын саны – 1, мүчөлөрүнүн саны – 15 адам;
–    участкалык шайлоо комиссияларынын (УШК) саны – 94, мүчөлөрүнүн саны – 965 адам (анын ичинде автоматтык эсептөөчү урналар менен иштеген операторлордун саны – 188 адам, жарандарды идентификациялоо жабдуулары менен иштеген операторлордун саны – 188 адам);
–    шайлоо (референдум) өткөрүү учурунда жарандарды идентификациялоо боюнча техникалык кызматтарды көрсөтүүгө тартылган операторлордун (УШК үчүн) саны – 55 адам;
–    техникалык колдоо көрсөтүүчү операторлордун саны – 24 адам.

Связанный пост