№ 13 округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 2026-жылдын 1-мартына дайындалды

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 30-декбарда өзүнүн жыйынында “№ 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө” токтомун кабыл алды.
№ 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары КР БШКнын 2025-жылдын 3-декабрындагы токтому менен анык эмес деп таанылган.
КР БШКсы «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 38, 63-беренелерине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону 2026-жылдын 1-мартына, жекшемби күнгө дайындады.
Токтомго ылайык, КР БШКнын аппаратына, № 13 округдук шайлоо комиссиясына кайра шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруу тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды КР БШКнын чыгымдар сметасына ылайык бөлүп берет.
Министрлер кабинети ошондой эле:
– кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле коомдук тартиптин сакталышын камсыздоо боюнча чараларды көрөт;
– Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде шайлоочулардын так тизмелерин түзүү үчүн анын маалыматтарын тактоо боюнча чараларды көрөт;
– реалдуу убакыт режиминде (онлайн) шайлоочуларды идентификациялоо системасын жана байланыш каналдарын уюштурууну жана иштешин камсыз кылат;
– КР БШКга шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык электрондук системалардын киберкоопсуздугун камсыздоодо, ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалымат алмашууда, ошондой эле мыйзамдарда аныкталган маалыматтарды берүү процесстерин жүргүзүү үчүн үзгүлтүксүз жана коопсуз байланыш каналдары менен камсыздоодо көмөк көрсөтөт;
– добуш берүү жана шайлоочуларды идентификациялоо үчүн жабдуулардын коопсуз сакталышын камсыздоо боюнча чараларды көрөт;
– кайра шайлоону өткөрүүнү жөнгө салуучу мыйзамдардан келип чыгуучу башка иш-чараларды белгиленген тартипте ишке ашырууну камсыздайт.

Связанный пост