Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүм башчысы кармалды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүм башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Такталгандай, ӨКМдин Кырсыктарга каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы С.Ч.М., кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтын кызыкчылыгына каршы келген, мыйзамсыз материалдык баюу максатында министрликтин айрым бөлүктөрүнө ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурган.

С.Ч.М. жарандан бөлүмдөрдүн бирине ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү үчүн 80 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып, бирок аткарган эмес. Буга байланыштуу мобилдик банкинг аркылуу мурда алган каражатты кайтарып берген.

Бул факты боюнча 2025-жылдын 5-августунда С.Ч.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Бул кылмыш иши боюнча тергөө иш-чаралары улантылып, бул кылмышты жасоого башка адамдардын дагы катыштыгы аныкталууда.

УКМК мамлекеттик кызматкерлер арасында коррупцияга каршы максаттуу иштерди улантып жана коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндө өлкөнүн мыйзамдары катаалдаштырылганын эскертет.

Связанный пост