Өзбекстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

 Өзбекстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

 

«Дүйнө жүзүндөгү мусулмандар үчүн достуктун, сабырдуулуктун, боорукердиктин жана кайрымдуулуктун символу болгон ыйык Курман айт майрамы менен Сизди жана боордош кыргыз элин чын жүрөктөн куттуктап жатканыма чексиз кубанычтамын.

 

Бул ыйык күн баарыбызды тарыхы, тили, дини жана маданияты жалпы бир тууган элдерибиздин ортосундагы боордоштуктун жана тилектештиктин духун мындан ары да чыңдоого чакырат.

 

Биздин бекем саясий эркибиздин жана сиздер менен биргелешкен күч-аракетибиздин натыйжасында акыркы жылдары мамлекеттерибиздин ортосундагы достук жана ынак коңшулук мамилелер сапаты жана мазмуну боюнча таптакыр жаңы деңгээлге көтөрүлдү», – деп айтылат куттуктоодо.

 

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде албан ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык, туруктуу прогресс жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Связанный пост