Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга келди
Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди.
“Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков тосуп алды.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 6-7-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин премьер-министрлеринин жана байкоочу мамлекеттердин делегация башчыларынын катышуусунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат.