Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга иш сапары менен келди

Бүгүн, 15-августта, Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди.

Өзбекстандын Премьер-министрин “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Белгилей кетсек, Абдулла Арипов Кыргызстанга 16-августта Чолпон-Ата шаарында өтө турган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын 10-жыйынына катышуу үчүн келди.

Связанный пост