Өзбекстан Кыргызстанга 3 миң тонна коон экспорттоду

2025-жылдын январынан июнга чейинки аралыкта Өзбекстан Кыргызстанга 3 миң тонна коон экспорттогон. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук статистика комитети кабарлады.
Алты ай ичинде Өзбекстан жалпы 14 миң тонна коонду чет өлкөлөргө сатып, 4,4 миллион АКШ доллар киреше тапкан. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу коон сатуунун көлөмү 8 миң тоннага көбөйгөн.
Экспорттун негизги бөлүгү Россияга (5,6 миң тонна) жана Казакстанга (4 миң тонна) туура келет. Мындан сырткары, Өзбекстан коонду Латвияга – 603 тонна, Украинага – 515 тонна, Германияга – 254 тонна, Беларуска – 249 тонна, Литвага – 153 тонна жөнөткөн.
Башка өлкөлөргө болсо 84 тонна коон сатылган.