Өзбек–Кыргыз өнүктүрүү фонду 37 долбоорду ишке ашырууда
Өзбек–Кыргыз өнүктүрүү фондунун алкагында учурда 37 долбоор бекитилип, активдүү ишке ашырылууда. Бул тууралуу фонддун башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиев билдирди.
Анын айтымында, фонд боюнча маселелер мамлекеттик визиттин алдында өткөн бизнес-форумдун алкагында кеңири талкууланып, бир катар келишимдерге кол коюлган. Фонд эки өлкө ортосундагы кызматташуу үчүн маанилүү каржылык платформа болуп саналат жана эки тарап тең анын натыйжалуулугун белгилеп келет.
Фонддун негизги артыкчылыгы – Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы биргелешкен долбоорлорду колдоо. Мамлекеттик визиттин алдында үч жаңы долбоор ишке киргизилген. Алардын катарында айнек пакеттерин өндүрүүчү завод, таш курулуш материалдарын чыгаруучу ишкана жана автобустарды жеткирүү долбоору бар.
Маалым болгондой, аталган долбоорлордун алкагында Кара-Балта шаарына 24 заманбап автобус жеткирилген. Бул демилгелер мамлекеттик визитке карата ишке ашырылып, эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын мындан ары да тереңдетүүгө багытталган.