Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору

 Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-февралдан 9-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле төмөнкү ашууларында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт:

  • Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу),
  • Бишкек-Ош унаа жолунун 198-260-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу),
  • Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 55-115-чакырымдарында,
  • Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу),
  • Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымдарында.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Связанный пост