Өлкөнүн телеканалдарына ата мекендик контентти көбүрөөк чагылдыруу сунушталды

 Өлкөнүн телеканалдарына ата мекендик контентти көбүрөөк чагылдыруу сунушталды

Бүгүн Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги өлкөнүн телеканалдарына жыйын өткөрүп, көрүүчүлөрдү ата мекендик өндүрүштөгү контенттер менен көбүрөөк камсыз кылууну сунуштады.

Министрлик жүргүзгөн талдоолорго ылайык, айрым телеканалдар он жыл мурун тартылган продукцияларды байма-бай кайталап көрсөтүп келишет. Алардын прайм-тайм убактысында ата мекендик өндүрүштүн контенттери дээрлик жок.

Жыйында министрдин орун басары Марат Тагаев “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндөгү” мыйзамдын 8-беренесиндеги “Телерадио уюмдары телерадиоканалдарын мамлекеттик жана расмий тилдерде трансляциялоону жүзөгө ашырат. Мында мамлекеттик тилдеги берүүлөрдүн жалпы көлөмү 60 пайыздан кем болбоого тийиш” деген талабы аткарылбай жаткандыгын белгиледи.

“Бул мыйзам айрым телеканалдарда жасалма түрдө аткарылып келет. Атап айтканда алар көп жыл мурун чыккан программаларды кайталап көргөзүп жатышат. Азыркы мезгилдеги медиарынок, жарнама маселесиндеги кыйынчылыктарды түшүнүп жатам. Телеканалдарды иштетүү, өз продукциясын жаратуу чоң каражаттарды талап кылат. Бирок, биз министрлик катары, телекөрүүчүлөр кыргыз тилиндеги продукцияларды көрө алышын талап кылабыз жана ошого жетишибиз керек.

Биздин бул жердеги максатыбыз – мыйзамды аткаруу, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошуу, көрүүчүнүн укугун коргоо жана телеканалдардагы контенттердин сапатын жогорулатуу”,-деди.

Орун басар, ошондой эле телеканалдарды министрликтин алдындагы Кыргыз кинематография департаментинин “Кыргызфильм” жана “Кыргызсериал” студиялары менен келишим түзүп, алардан кино тасма жана сериалдарды алып көрсөтүүнү сунуштады.

Связанный пост