Өлкөнүн бир катар облустарында үшүк жүрөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан суук аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, 17-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2° ка чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.
ӨКМ мындай үшүк жемиш бактарынын бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына коркунуч жаратарын эскертет.