Өлкөнүн аймактарында жайыт чөптөрүнүн үрөндөрү себилүүдө

 Өлкөнүн аймактарында жайыт чөптөрүнүн үрөндөрү себилүүдө

Өлкө аймагында кунарсыз жайыттарды жакшыртуу максатында эспарцет жана жайыт чөптөрүнүн үрөндөрүн себүү иштери жүргүзүлүүдө.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, республика боюнча жалпысынан 37,100 кг эспарцет үрөнү жана 56,595 кг жайыт чөптөрүнүн үрөнү себилип, 6,324 гектар аянт камтылды. Натыйжада пландын 42,4% аткарылды.

Облустар боюнча алсак:

Баткен облусу: 790 кг эспарцет жана 764 кг чөп үрөнү себилип, 79 га аянт камтылган (аткарылышы 32%).

Жалал-Абад облусу: 14,552 кг эспарцет жана 23,499 кг чөп үрөнү себилип, 2,647 га аянт камтылган (аткарылышы 57%).

Ош облусу: 20,018 кг эспарцет жана 30,312 кг чөп үрөнү себилип, 3,368 га аянт камтылган (аткарылышы 79%).

Нарын облусу: себүү иштери жүргүзүлгөн эмес (0 кг, 0 га, аткарылышы 0%).

Ысык-Көл облусу: 240 кг эспарцет жана 475 кг чөп үрөнү себилип, 59 га аянт камтылган (аткарылышы 2%).

Талас облусу: 274 кг эспарцет жана 808 кг чөп үрөнү себилип, 86 га аянт камтылган (аткарылышы 7%).

Чүй облусу: 1,226 кг эспарцет жана 737 кг чөп үрөнү себилип, 85 га аянт камтылган (аткарылышы 12%).

Белгиленгендей, бул иштер жайыттарды оңдоо жана жакшыртуу үчүн жүргүзүлүүдө.

Связанный пост