Өлкөгө мөмө-жемиштин көчөттөрүн импорттоо кыйла төмөндөдү

Өлкөгө мөмө-жемиш бактарынын көчөттөрүн импорттоо кыйла төмөндөдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өлкөнүн жылдык мөмө-жемиш бактарынын көчөттөрүнө болгон муктаждыгы 23 миллионду түзөт.
2024-жылы ата мекендик питомниктер жалпы 12 млн 152 миң 594 көчөт даярдап, 2025-жылдын жазгы отургузуу кампаниясын камсыз кылышты, бул жалпы муктаждыктын олуттуу үлүшүн түздү.
Мындан тышкары, ички суроо-талапты жабуу үчүн көчөт материалдарын чет өлкөдөн алып келүү уланууда. Бирок, өздүк өндүрүштүн көлөмүнүн көбөйүшүнөн улам импортко көз карандылыктын төмөндөшү байкалууда.
Алсак, 2024-жылдын январь айынан июлга чейин өлкөгө 20 млн 13 миң 869 даана көчөт алып келинсе, 2025-жылдын ушул мезгилинде импорттун көлөмү дээрлик эки эсеге кыскарып, 11 млн 50 миң 301 түзгөн.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда үрөнчүлүк чарба статусун алган 22 питомник расмий түрдө иштеп жатат. Алар мөмө-жемиш жана декоративдик өсүмдүктөрдүн көчөттөрүн өстүрүү жана сатуу менен алектенишет.
2024-жылдын алты айында импорттолгон көчөттөр:
– гүл көчөттөрү — 9 787 508 даана;
– жемиш көчөттөрү — 3 545 195 даана;
– мөмө көчөттөрү — 6 241 664 даана;
– кооздоп өстүрүүчү көчөттөрү — 439 502 даана.
2025-жылдын алты айында импорттолгон көчөттөр:
– гүл көчөттөрү — 6 375 947 даана;
– жемиш көчөттөрү — 3 029 851 даана;
– мөмө көчөттөрү — 1 357 373 даана;
– кооздоп өстүрүүчү көчөттөрү — 287 130 даана.